16-сентябрда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал олуттуу түрдө күч алды.
Чек арага чектеш кыргыз айылдарынан 136 миңден ашык тургун эвакуацияланган. Ошону менен бирге интернетте тажик аскерлери делген кишилер Баткен облусунун айылдарындагы үйлөрдү бузуп жаткан видео тарады.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 16-сентябрдагы жаңжал учурунда 15 жашар кыз каза таап, 87 адам жараат алган.
Биздин редакция куралдуу конфликттин шартында маалыматты ыкчам тактай албайт.