Азимбек Бекназаров Путинге кайрылуу жасады

Азимбек Бекназаров Путинге кайрылуу жасады

NazarNews

10 месяцев назад

24,890 Просмотров

Абактагы саясатчы Азимбек Бекназаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге кайрылуу жасады.

Азимбек Бекназаровдун кайрылуусун төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

"Урматтуу Владимир Владимирович!

Акыркы мезгилдерде "Россияда эмгектенип жүрүшкөн жүз миңдеген Кыргызстандык эмгек мигранттары жапырт (оптом) депортацияланып жатат" - деген маалымат кыргыз коомчулугунда кызуу талкууланууда.

Депортациянын себеби катары: "Депортацияны Россия Кыргызстанды эл аралык милдеттенмелерин аткартуу үчүн "рычаг" катары колдонууда" - деген пикирлер да бар.

Тарыхы бир кыргыз жана орус элинин бир туугандык, достук мамилеси жүздөгөн жылдар менен эсептелет.

Ушул мезгил ичинде эки эл нечендеген даңазалуу, кайгылуу тарыхий окуяларды бир туугандай катар туруп, баштарынан бирге өткөрүштү.

Башкасын айтпаганда да, кыргыз эли 1924-жылы заманбап Кыргызстан деген мамлекетин, анын чек ара аймактарын Россия менен биргеликте аныктаганын, 70 жыл эки эл "совет эли" аталып, "СССР" деген эң күчтүү, социалдык теңчилиги бар мамлекетти бирге куруп, бирге жашаганын кантип унутабыз?!

1991-жылы эки эл өздөрүнүн эгемендүүлүгүн жарыялап, көз карандысыз мамлекеттерге да бир туугандарча, биргеликте бөлүнгөнбүз.

Ал тууралуу сиз ар-дайым белгилеп жүргөндөй: "СССРдин кыйрашына кейибеген адамдын жүрөгү жок, СССРди кайра курам деген адамдын мээси жок ..." демекчи, жүрөгү да, мээси да бар кыргыздар аз эмес. Анткени Москваны коргоп, танк алдына боюн таштаган, Дон дарыясын сүзүп өтүп, дзотко төшүн тосуп курман болушкан Советтер Союзунун баатырлары Д.Шопоков менен Ч.Түлөбердиевдин балдары, неберелери бүгүн Россияда "чет элдик" аталып жатса, жүрөгү, мээси бар адамдар ар-кандай ойго келет да.
https://www.instagram.com/nazarnews_org/
https://nazarnews.org/
https://www.facebook.com/nn.nazarnews
https://vt.tiktok.com/ZS8CsFaGw/

#NazarNews, #Nazar, #News, #Назар, #Назарньюс,
#CCTV, #ССТВ, #china, #Китай, #Кытай, #К#KNR, #СадырЖапаров,
#ГульжанШерипбаева, #НарынАйып, #ЖК, #ЖогоркуКенеш,
#Кыргызстан, #Бишкек, #Ош, #Баткен, #Нарын, #ЖалалАбад, #Ысыккөл, #Талас, #Жаңылыктар,
#Новости #жанылыктар2023бугунку, #жаңылыктарбүгүнкү2023кыргызча, #жаңылыктаракыркы,
#саясат, #CGTN, #CNN, #BCC, #ABC, #TheNewYorkTimes, #WashingtonPost, #NBCNews, #RussiaToday, #DW, #Euronews,
#новостиБишкек2023, #новостиКыргызстан #политика, #саясат, #президент, #ташиев, #жапаров

Тэги:

#саясат #ташиев #кайрылуу #аттестат #жапаров #садыр #камчыбек #колбаев #вор #вор_закон #бой #хабиб #конор #футбол #назарньюс #назар #мотуев #политика #путин #америка #ураина #москва #ырлар #микс #сен_на_рахате #нарахате #калифорния #саймо #синий_трактор #тикток #элчапа #президент #карасуу #базар_чыры #акбала #тикток_жиндилери
Ссылки и html тэги не поддерживаются


Комментарии: