Бул чыгарылышта Чүй - Калык Акиев көчөсүндөгү жол кырсыгын жана терезелери караңгылатылган кымбат баалуу Лексус -570 унаасынын айдоочусуна карата түзүлгөн административдик айып жөнүндө таанышасыздар.
Бир түндө бир дарекке 2 жолу милиция чакыртылып, биринде 50 жаштардагы адамды белгисиз бирөө сабап той өтүп жаткан кафенин ичине кире качса, экинчисинде ошол кафенин жер төлөсүндө башка бир адам кан басымы түшүп каза болгон фактылар катталган. Программанын аягынан үй жаныбарын жанынан артык көргөн ажаан аялдын жоругун көрө аласыздар.