БАКЫТ СЕЙТАЛИЕВ - Эч качан өкүнбө - караоке тексти менен

БАКЫТ СЕЙТАЛИЕВ - Эч качан өкүнбө - караоке тексти менен

Ыркесе

2 года назад

66,612 Просмотров

🎵 Жыпар Исабаеванын сөзүнө жазылган Бакыт Сейталиевдин "Эч качан өкүнбө" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Автордун аткаруусундагы варианты тексти менен.

🎤БАКЫТ СЕЙТАЛИЕВ - Эч качан өкүнбө ырынын үнү жок (минус) варианты https://youtu.be/DkBedL9RTwU

🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.

🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.

☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары https://bit.ly/3i9RrBl
☑ үнү жок кыргызча караоке https://bit.ly/3i9Y1HV

🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.

🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.

🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.

👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу https://bit.ly/3tYphyJ

💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.

Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!

❗ ЭСКЕРТҮҮ:
© Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.

Бакыт Сейталиевдин өздүк ютуб-каналы: https://www.youtube.com/channel/UCibzBlf-GgDAScTavWOb1og

#ыркесе #кыргызча_караоке #БакытСейталиев #ЭчКачанӨкүнбө #yrkese
======================================================
--- Эч качан өкүнбө ----

Сөзү: Жыпар Исабаева
Обону: Бакыт Сейталиев
Аткаруучу: Бакыт Сейталиев
------------------------------

Карызга баттым деп,
Канча азап тарттым деп.
Кайгырба, канча жол
Максатсыз бастым деп.
Эми да кеч эмес,
Эрикчү кез эмес.
Эсендик болсунчу,
Калганы кеп эмес.

Кемчилик менде бар,
Кемчилик сенде бар.
Кемибейт тузум деп,
Кепилдик кимде бар.
Кемийт туз ханда да,
Башты ылдый салба ага.
Кайрылып жаз келет,
Көңүлгө кайрадан.
Кайрылып жаз келет,
Көңүлгө кайрадан.

Жаңылдым, жаздым деп,
Акылдан аздым деп.
Жашоодон эмне издеп,
Эмнени таптым деп.
Эч качан өкүнбө,
Үмүттү өчүрбө.
Бактылуу күндөрдүн,
Ачкычы өзүңдө.

Кемчилик менде бар,
Кемчилик сенде бар.
Кемибейт тузум деп,
Кепилдик кимде бар.
Кемийт туз ханда да,
Башты ылдый салба ага.
Кайрылып жаз келет,
Көңүлгө кайрадан.
Кайрылып жаз келет,
Көңүлгө кайрадан.

Кемчилик менде бар,
Кемчилик сенде бар.
Кемибейт тузум деп,
Кепилдик кимде бар.
Кемийт туз ханда да,
Башты ылдый салба ага.
Кайрылып жаз келет,
Көңүлгө кайрадан.
Кайрылып жаз келет,
Көңүлгө кайрадан.

Тэги:

#бакыт_сейталиев #бакыт_сейталиев_ырлары #бакыт_сейталиев_эч_качан_окунбо #бакыт_сейталиев_эч_качан_окунбо_караоке #бакыт_сейталиев_эч_качан_окунбо_текст #эч_качан_окунбо #эч_качан_окунбо_караоке #эч_качан_өкүнбө #эч_качан_өкүнбө_караоке #эч_качан_өкүнбө_текст #жыпар_исабаева #жыпар_исабаева_ырлары #жыпар_исабаева_эч_качан_окунбо #бакыт_сейталиев_ырлары_караоке #бакыт_сейталиев_окунбо #бакыт_сейталиев_окунбо_текст #бакыт_сейталиев_2021 #кыргызча_ырлар #кыргызча_караоке_2022
Ссылки и html тэги не поддерживаются


Комментарии: