Прекрасные,  милые мамы играют в волейбол

Прекрасные, милые мамы играют в волейбол

СПОРТ Кыргызстан

4 года назад

406 Просмотров

Ошто волейбол боюнча энелер лигасы болуп өттү
Ош шаарында гы “Рамазан” спорт клубунда Кыргыз Республикасынын волейбол боюнча энелер лигасы болуп өттү. Ага Ош шаары, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан жалпы 17 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду “Ош Датка” командасы алды. Ал эми 2-орунду Ноокат , 3-орунду Ош, 4-орунду ОшТУ командасы багындырды. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин диплом, медаль, кубок жана белектери тапшырды.
Ошондой эле, комитеттин төрагасынын орун басары Улан Авазбеков спорттун волейбол түрүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар айымдарга Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин Ардак грамота жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.
Айта кетсек, Ош шаарында бул иш-чара спортко энелерди тартуу, айымдар арасында волейбол оюнун жайылтуу максатында, КРнын волейбол боюнча энелер лигасы менен биргеликте жыл сайын өткөрүлүп келет .
Ссылки и html тэги не поддерживаются


Комментарии: